Исмаил Исаков “Башкы прокуратура бирөөнү баса калганды жакшы билет, эмне үчүн оор кылмыш кылган 20 балага иш козгобойт?” деди
Жогорку Кеңештин
13-марттагы жыйынында депутат Исмаил Исаков Башкы прокуратуранын ишин сынга
алды. Анын билдиришинче, прокуратура Чүй облусунда болгон ири кылмышка көз
жумуп жатат. “Аламүдүн районунун Виноградное айылында 2-январда ири кылмыш
болгон. 20 бала топтолуп бир адамды сабап салган. Оор абалда ооруканага түшкөн
жаран жакында эле үйүнө чыкты. Алар жоопко тартылбай жатат. Көрүнгөндү баса
калганды жакшы билген Башкы прокуратура эмне үчүн булар боюнча иш козгобойт?
Бул боюнча иш жүргүзүп, мага бир жообун беришсин”,- деди Исаков.
Автор: Автандил Добулбеков
Баткендеги чек ара маселесине токтолгон депутат “азыркы өкмөттүн тушунда чек ара маселеси чечилбейт” деп кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

