Ош шаарында «Жөө жүрүүчү» аттуу профилактикалык рейд жүргүзүлөт
13-14-март күндөрү Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан «Жөө жүрүүчү» аттуу профилактикалык рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Рейд шаардын бардык райондорунда жөө жүрүүчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктоо жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлөт.
Маалыматка ылайык, тартип бузгандар КР Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси боюнча административдик жоопкерчиликке тартылышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

