Исмаил Исаков Бажы кызматында “устав” деген сөздү колдонбоону сунуштады
Жогорку Кеңештин
13-марттагы жыйынында депутат Исмаил
Исаков Бажы кызматында “устав” деген сөздү колдонуудан алып салууну
сунуштады. “Бажы кызматы – армия эмес.
Бул сөздү алып, ордуна "жобо" дегенди колдонсо болот”,- деди эл өкүлү. Айта
кетсек, жыйында Бажы кызматына байланышкан мыйзам долбоору каралып жатат. Ал
боюнча депутат “Бажы кызматында себепсиз 3
саат жумушка келбеген кызматкер иштен бошотулат” деп турат. 2 саат 59 мүнөт
келбегендер айдалбайт экен. Муну да карап чыгыш керек”,- дейт Исаков.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















