super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Жусупжан Жээнбеков Ноокен районунда токтоп турган ишканаларды кайра жандандыруу керектигин айтты

 

Кечээ, 12-мартта өкмөтүн Жалал-Абад облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков Ноокен районунда иш сапары менен болду. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков бүгүн, 13-мартта билдирди.

Ноокен районунун Масы айылындагы спорт-комплекстин курулуш иштери жана Арал айылындагы “Арал-Мазар” дамбасынын абалы менен таанышып чыкты. 

Мындан сырткары бүгүнкү күндөгү жазгы талаа жумуштарын өз убагында аткаруу, айыл чарба техникаларын даярдоо милдеттерин, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелерин айтты.

Ошону менен катар токтоп турган ишканаларды кайра жандандыруу иштерин колго алуу бүгүнкү күндүн эң башкы талабы экенин белгилеп өттү.

Иш сапардын жүрүшүндөгү жолугушууларга Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңиш Жоробеков, облустун прокурору Кылычбек Токтогулов, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун координатору Маматжан Миянов, ӨКМ кызматкерлери жана тийиштүү жетекчилер катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: