Депутаттар Бажы кызматы боюнча каралып жаткан мыйзам долбоорундагы ири кемчиликтерди аташууда

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында Бажы кызматына байланыштуу мыйзам долбоору каралып жатат. Депутаттар мыйзам долбоорундагы ири кемчиликтерди аташты. Эл өкүлү Ташполот Балтабаев: “Бажы кызматына караштуу мүлктү уурдаган же бузган адам кызматтан айдалат” деп жатасыңар. Майда иштер үчүн кызматкерди иштен бошотууга эмне себеп болуп жатат? Мисалы, кызматкер бир отургучту сындырып алса, үн-сөзсүз кызматтан кетет экен да? Бул болбойт да”,- деди Балтабаев.
Депутаттын айтымында, кызматкерге алгач эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш берилиши керек. Андан кийин иштен кетирүү туура.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

