super.kg logo
  Саясат  

2013-жылы 25 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн

 

2013-жылы “Кайыңды-Кант” ишканасы 165 340 тонна кант кызылчасын иштеткен. Муну менен өндүрүштүн көлөмү 85 пайызга өскөн. Бул тууралуу аталган ишкананын өкүлү Тимур Авазов бүгүн, 13-мартта маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы дыйкандар гектарына 33 тоннага чейин түшүм алышкан. Бул кант кызылчасын өндүрүүдө агромаданияттын өсүп жатышы менен байланыштуу.  

2013-жылы Чүй жана Талас облустарынан 3394 дыйкан “Кайыңды-Кант” ишканасы менен кызматташкан. Алар жалпысынан заводго 184 174 тонна кант кызылчасын алып келишкен. Муну менен ишкананын өндүрүштүк цикли 66 күнгө созулган. Ошондой эле ишканада 25 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн”,- деди Тимур Авазов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: