Кыргызстанда жарандардын мүлкүн легалдаштыруу мөөнөтүн 1-майга чейин узартуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин
13-марттагы жыйынында депутаттар Кыргызстанда жарандардын мүлкүн легалдаштыруу мөөнөтүн 1-майга чейин узартуу сунушталууда. Мыйзам долбоору боюнча депутат Мирлан Бакиров (cүрөттө) баяндама жасап, мөөнөттү узартууга негиз болгон себептерди
атады.
Автор: Автандил Добулбеков
“Мыйзам долбоору жарандардын кирешелерин легалдаштыруу максатында иштелип чыкты. Мөөнөттү 1-майга чейин узартууну көздөп жатабыз. Буга чейин 1-апрелге чейин деп белгиленген”,- деди депутат.
Башка депутаттар бул маселе боюнча элге кеңири маалымат жеткирүү үчүн мөөнөттү жыл аягына чейин узартууну сунушташты. Мүлктү легалдаштыруу иши нотариустарда жүрүп, толтурулган бланка декларанттын өзүндө калат. Кийин өлкөдө бирдиктүү салык декларациясына өткөндө аталган бланкадагы маалымат колдонулат. "Максатыбыз - ар бир жарандын мүлкүн ачыкка чыгарып алышына шарт түзүү. Кайненесине же келинине каттатып алгандар болбосун деп жатабыз",- деди экономика министри Темир Сариев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

