super.kg logo
  Саясат  

Арча-Бешик конушунда мыйзамсыз курулган короо бузулду

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан Арча-Бешик конушунун Чатыр-Көл көчөсү-49 дареги боюнча курулган короонун мыйзамсыздыгы аныкталып, Ленин райондук сотунун токтому жана департаменттин талабы менен 2014-жылдын 11-мартында мыйзамсыз курулган короо бузулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган жайдын ээсине департамент тарабынан административдик эскертүү берилген. Берилген эскертүүдөгү талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу протокол түзүлүп, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген. Ленин райондук сотунун чечими менен курулуш ээсине 10 000 сом өлчөмүндө айып чегерилип, короону өз ыктыяры менен бузуу милдеттендирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: