Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов: "Эгер шаардын бардык көйгөйүн эки айдын ичинде чече турган адам тапсаңар, ага ордумду бошотуп берүүгө даярмын"
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бүгүн, 13-мартта өтүп жаткан шаардык кеңештин кезектеги сессиясында: "Эгер шаардын бардык маселелерин эки айдын ичинде чече турган талапкер тапсаңар, анда мен жумуш ордумду бошотуп берүүгө даярмын. Силер мага 90 күн убакыт бергенсиңер. Келгиле, 90 күндөн кийин сүйлөшөлү, ошондо айткыла талаптарыңарды. Мени кекетүүнүн кереги жок",- деди депутаттар тарабынан айтылган сындарга жооп кылып.
Автор: Дамира Арстанова
Эске салсак, Кубанычбек Кулматов 2014-жылдын 15-январында Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

