Чек ара кызматы мас абалында жөө жүрүүчүнү сүзгөн аскердин ишин иликтөөдө
Жол кырсыгына катышкан аскер кызматкеринин иши Мамлекеттик чек ара кызматында иликтенет. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ 12-мартта саат 15:40 чамасында Мамлекеттик чек ара кызматынын 49 жаштагы аскер кызматкери мас абалында Ауди А6 унаасын айдап жүргөн. Ал П.Лулумба көчөсүндө жөө жүрүүчүнү сүзүп алган.
Окуянын себептери такталып, фактыга тийиштүү адамдарга карата чаралар көрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

