super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Ардагерлер кеңешине шайлоо болуп өттү

 
2012-жылдын 31-ноябрына дайындалган пленум бүгүн облустук администрациянын жыйындар залында болуп өттү. Пленумда карала турган маселе облустук ардагерлер кеңешинин көзү өтүп кеткен төрагасынын ордуна жаңы өкүлдү шайлоо болду. Жаңы шайланган төрага Кайып Калназаров - эмгектин ардагери жана калган өкүлдөрү болуп жалпы 11 киши Ардагерлер кеңешинин курамына киришти. Жобонун негизинде шайланган жаңы төрага мурда мамлекеттик кызматты аркалаган, учурдагы эмгек ардагери болушу керек. Ал эми бул нерсени мыйзамсыз деп таап, өз укуктарын коргоп жүргөн демилгелүү топ буга каршы. Себеби 1996-жылы 8-майда чыккан №14-токтомдун негизинде Ардагерлер кеңешинин төрагасы жана анын курамындагы адамдар согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер болуусу шарт деп келишүүдө. Жылына мамлекеттен Ардагерлер кеңешине деп 350 миң сом бөлүнөт. Бул каражат Баткен, Чернобыль, Ооганстан коогалаңдарынын катышуучуларына, куралдуу күчтөрдүн, согуштун ардагерлерине жана ооруктагы эмгекчилерге жумшалыш керек деген ойлорун айтып чыгышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: