Жусупжан Жээнбеков Тышкы иштер министрлигинин Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн ачылышына катышты
12-мартта бийликтин жергиликтүү органдары менен биргеликте иш алып баруунун алкагында Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча жетекчиси Д.Сыдыков өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тышкы саясатты бекемдөө, экономиканы өнүктүрүүдө чет өлкөлөр менен биргеликте иш алып баруу маселелери каралды. Д.Сыдыков Тышкы иштер министрлигинин алдында Жалал-Абад облусуна ачылган бөлүмдүн кызматкерлери менен таанышып, ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн Ж.Жээнбековго ыраазычылык билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

