super.kg logo
  Саясат  

Токтогул районунун тургуну өз үйүнөн 50 килограмм маңзат менен кармалды

 

Токтогул районунун тургуну өз үйүнөн 50 килограмм маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 11-мартта саат 16:30 чамасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкы башкармалыгы жана Токтогул РИИБинин баңгиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган райондун Кара-Жыгач айылынын тургунунун үйүнөн маңзат табылган. 1983-жылы туулган А.Кнын үйүнүн ичинен ак түстөгү капка салынган, болжол менен 50 килограмм салмактагы марихуана жана 20 даана тегерек, шайба түрүндө жасалып катырылган 245 грамм гашиш алынган. 

Учурда кылмышка шектүү тургун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: