super.kg logo

Жумгалдагы окуядан кийин камакка алынган 13 адамдын 11и Нарын облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышты

 

Жумгалдагы окуядан кийин камакка алынган 13 адамдын 11и Нарын облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышты. Анда баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышкан. Бул тууралуу Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгы 13-мартта билдирди.

Бүгүн Нарын облустук сотунда 7 адамдын баш коргоо чарасы каралды. Бирок облсот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп 3 милиция кызматкери камакка алынган болчу. 2014-жылдын 20-февралында алардын ишин Жумгал райондук соту караган. Бирок сот аягына чыкпай, маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине бензин чачышып, өрттөөгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында айыпталуучулардын экөө катуу сабалып, биринин бүгүнкү күнгө чейин дайыны жок.   

Бул боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, Нарын шаардык соту 13 адамды 2 айлык мөөнөткө камакка алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: