Жалал-Абадда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан машыгуулар болуп өттү
Жалал-Абадда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан машыгуулар болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, №17-мектептин окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Машыгууларда план боюнча жер титирөөдөн улам өрт чыгып, куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр жана "Тез жардам" чакырылды. Иш-чара 7 окуучуну куткарып калуу операциясы менен коштолду.
Мындай машыгуу Жалал-Абад шаарынын мэринин атайын токтомунун негизинде быйылкы жылдын эсебинен биринчи жолу өтүп жатат. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысы Исхар Апиев билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















