super.kg logo
  Саясат  

Ош. Өзгөчө жардамга муктаж балдардын жашоо шартын жакшыртуу максатында 3 күндүк тренинг болуп өттү

 

11-12-13-март күндөрү Ош шаарында өзгөчө жардамга муктаж балдардын жашоо шартын жакшыртуу максатында 3 күндүк тренинг болуп өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Анда балдардын коопсуздугунун саясаты жана принциптери тууралуу "ХелсПромдун" социалдык маселелер боюнча серепчиси Жонатан Уоткинс маалымат берди. 

Анын айтымында, алар Кыргызстандагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2100 балага жардам берүү менен бирге айыл жергелеринде жана алыскы аймактардагы өтө аялуу балдарга жардам көрсөтүлөрүнө ишенет. "Биз өзгөчө муктаждыгы бар дагы 1400 балага жана алардын ата-энелерине "Эдвокаси" компаниясы тарабынан кыйыр жардам берилерин, алар үчүн ар түрдүү ишмердүүлүктөр жана маалыматтык иштер аткарыларын күтөбүз",- дейт.

Аталган жыйынга Улуу Британиядан Жонатан Уоткинс, Тажикстандан Назира Мухамеджанова жана өлкөбүздүн 7 дубанынан өкүлдөр катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: