super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргызстандагы энергетиктерди 22-декабрь - Энергетиктердин күнү менен куттуктады. "Урматтуу энергетиктер! Сиздерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан кесиптик майрамыңыздар – Энергетиктер күнү менен чын дилимден куттуктайм! Энергетика тармагынын биздин өлкө үчүн мааниси зор. Ал тургай Кыргызстандын энергетикалык тармагы өлкө экономикасынын күрөө тамыры болуу менен, анын стратегиялык багыты болуп саналат. Муну туура кабылдоо менен энерготармакты биздин өлкөнүн артыкчылыктуу багыты катары кароо аркылуу өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына карай даңгыр жол чабылып жатат. Мындай маанилүү милдетти жүзөгө ашыруу үчүн ушул тапта ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөр ишке чегерилип, ири каражаттар менен акыл-эс күчү жумшалып жатат. Кыргызстан экономикасынын бүгүнкүсү менен келечеги, жарандарыбыздын бакубат турмушу, коом ичиндеги туруктуулук сындуу башкы маселелер энерготармактын натыйжалуулугуна байланыштуу болору бышык. Кыргыз энергетикасы атаандаштык түзө ала турган, экология талаптарына толук жооп берген, заманбап технология стандарттарына таянуу менен иш жүргүзө билген тармак болууга тийиш. Биздин салттуу жана мол тажрыйбага ээ болгон энергетиктер мындай ары татаал, бирок өтө маанилүү милдеттин өтөсүнө чыга турганына ишеним бар. Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, ишиңиздерде ири ийгиликтерди каалайм",- деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: