Депутат Валентина Лисниченко Бишкекте таланттуу балдар үчүн 4 муниципалдык мектеп ачууну сунуштады
Бүгүн, 13-мартта Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутат Валентина Лисниченко таланттуу балдар үчүн 4 муниципалдык мектеп ачууну сунуштады. Ал өз сөзүндө таланттуу, шыктуу балдардын саны жылдан-жылга азайып бараткандыгы, түрк лицейлеринде окуучулардын “каймактары” чогулуп, олимпиадаларда алдынкы орундарга жетишип жаткандыгы, бирок алардын Кыргызстанда калбай тургандыгы тууралуу айтып өттү.
Депутат айымдын сунушун уккан шаар мэри Кубанычбек Кулматов: “Балдардын баары бирдей. Аларды бөлүүгө болбойт. Андан көрө окуучулар үчүн атайын адистештирилген мекемелерди түзүү керек”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















