2014-жылдын алгачкы 2 айында негизги капиталдагы инвестиция 7,7 миллиард сомду түздү
2014-жылдын январь-февраль айларында негизги капиталдагы инвестициянын көлөмү 7,7 миллиард сомду түздү. Муну бүгүн, 13-мартта Улуттук статистика комитети билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46,4 пайызга көп экени айтылат.
“Негизги капиталга тышкы булактардын эсебинен инвестиция салуу 2,3 эсеге, ички булактардын эсебинен каржылоо 28,8 пайызга өстү” деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

