super.kg logo
  Саясат  

Максат Сабиров КМШ өлкөлөрүнүн Парламент аралык ассамблеясынын Бюджет-көзөмөл комиссиясынын төрагалыгына кайра шайланды

 

Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынан депутаты, Эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөсү Максат Сабиров Азербайжандын Баку шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Бюджет-көзөмөл комиссиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу 13-мартта ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, жыйындын жүрүшүндө депутат Максат Сабиров бир добуштан аталган комиссиянын төрагасынын кызматына кайра шайланды.

“Мындан тышкары Парламенттер аралык ассамблеянын жана анын органдарынын ишмердүүлүгүнө жигердүү катышкандыгы, КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин ортосунда достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн КМШ ПААнын Содружество ордени менен сыйлоого депутаттын талапкерлиги көрсөтүлдү”,- деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: