super.kg logo

Бишкекте бюджети 155 000 долларды түзгөн “Сүйүү жазы” тасмасынын бет ачары болуп өттү (фоторепортаж)

 
Иш-чара саат 14:30га белгиленгени менен, 15:00дө башталды. Муну Күмөндөр Абылов "кыргызчылыкты эске алып, чакыруу баракчасына 14:30 деп жазгам" деген тамашасы менен түшүндүрдү.
Тасманын жаратуучулары алгач Казакстандын чек арасынан конокторду тосуп келип, анан кинотеатрдын алдына түшүштү.
Алгач Күмөндөр Абылов сөз алып, тасмага келгендерге ыраазычылык билдирип өттү.
КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев Күмөндөр Абыловдун эмгегине зор баа берди.
Тасманын демөөрчүлөрүнүн бири Карганбек Самаков кыргыз менен казактын тарыхы, маданияты окшош болгону менен, саясатында айырма бар экенине токтолду. Бул тасма кыргыз-казак достугун арбытарына токтолуп өттү.
Күмөндөр Абыловдун Казакстандан келген досу, демөөрчүсү...
Карт бойдок агенттиктердин бирине кайрылып, өзүнө ылайыктуу жар издеп жүрөт. Көп өтпөй агенттикти жетектеген айым менен таанышып, сүйлөшүп калат.
Ага ыр арнап, гүл көтөрүп үйүнө барып, айтор, сүйүүсүн тапкандай болот.
Бул агенттикти жетектеген айымдын уулу. Тагыраак айтканда, боз бойдок. Анын карт бойдок (Күмөндөр) менен тааныштыгы бар.
Боз бойдок Алматыда Карлыгач аттуу кыз менен таанышып калат. Бирок түшүнбөстүктөрдөн улам таарынышып кетишет да, кыз кичи мекени Чолпон-Ата шаарына жөнөйт. Боз бойдок аны издеп келип жолугат да, баш кошууга көндүрөт.
Апасын алып Кыргызстанга жөнөйт. Бирок өз уулуна келин алам деп келген эне өзү көшөгөгө отуруп калат. Анткени Карлыгач карт бойдоктун уулу экени, боз бойдок болсо карт бойдок сүйүп жүргөн айымдын уулу экени ачыкка ошондо гана чыгат. Эне бул кырдаалды "тагдырдын тамашасы" деп түшүндүрөт.
Бул кырдаалды жөнгө салган карт бойдок кызын турмуш жолуна узатып, куда да тосуп, кудагыйына үйлөнгөнгө да жетишет.
Казакстандан Карлыгачты издеп келген жигит акыры куру кол кайтпай, апасын келиндүү кылат.
3 той менен тасма аяктады.
Актёр-актрисалар сахнага чакырылып, четинен тааныштырылды.
Тасмага катышкан чыгармачыл топ. Тасманын саундтрегин аткарган Нурболот Теңизбек да күбө болду.
Бакыт Мукулдун айтымында, бул тасма актёрлорго жакшы киреше алып келди. "Эми башка тасмаларга өз талаптарын каалашынча коё берсе болот" дейт ал.
Актёр Марат Алышбаев эгемендүүлүк жылдарынан бери кыргыз-казак мамилесин чагылдырган мындай тасма болбогонун айтып өттү.

Бишкекте 13-мартта “Сүйүү жазы” лирикалык комедиясынын бет ачары болуп өттү.

Ага коомдук ишмер, ЖКнын депутаты Карганбек Самаков, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев жана Күмөндөр Абыловдун бул тасмага демөөрчүлүк кылган казак досу, тартуучу топ, чыгармачыл топ жана сыйлуу коноктор келишти.

Тасманын жаратуучусу Күмөндөр Абыловдун айтымында, лирикалык тасманын сценарийи Кадырбай Мамбетакуновдун “Боз бойдок” чыгармасынын негизинде иштелип чыккан. Анда кыргыз менен казактын биримдиги кенен чагылдырылган.  

Ал эми Күмөндөр Абыловдун иниси Бакыт Мукулдун айтымында, тасма Бишкекте, Чолпон-Ата шаарында жана Алматыда тартылып, 155 000 доллар каражат сарпталган. Ал тартуу учурунда күнүнө актёрлорго 2000 сомдон 200 долларга чейин төлөнүп турганын жашырбайт. 





Күмөндөр Абыловдун "сүйүү жазы"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
14.03.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кумондор катышкан фильмдер сонун чыгат эле коруш керек экен
14.03.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар кино тартса эле коп акча кетет.
SUPER.KG видео
14.03.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыз Кумондор байке соз жок
SUPER.KG видео
14.03.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Күмөндөр байке интервьюсунда казакча сүйлөп салыптыр го...
14.03.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Анан ошол кеткен каражатты актайбы? Биздин фильмдердин кобу,"тузу"жок болчу эле...
SUPER.KG видео
14.03.2014. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jakwy Azamatsyz Kumondor baike
SUPER.KG видео
14.03.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Кумондор Абылов!
SUPER.KG видео
14.03.2014. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы экен кутобуз эми интернеттке киришин.
SUPER.KG видео
14.03.2014. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун кино окшойт коргум келип кети
14.03.2014. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумондор байкебиздин ишине ийгилик.Откондо казактардын каналынан кордум эле,корсо кино да тартып,катышып жургон экен да..
SUPER.KG видео
14.03.2014. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омииииий тимеле олотко
SUPER.KG видео
14.03.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оп бали кыргыз казак кинолору кобойо берсин
SUPER.KG видео
15.03.2014. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылык ийгилик
15.03.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чет эллдик кинолордо кеткен каражат чыгымдарын айтат ко,анын эмнеси бар зато билебиз
SUPER.KG видео
18.03.2014. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir kinogo tartylyp kazak4a suiloso kyinki kinolordo kandai suiloit boldu eken,,,kuzuk:)))
SUPER.KG видео
18.03.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтасыз Кумондор Абылов.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: