super.kg logo
  Саясат  

Эгемберди Эрматов Кыргызстандагы Франциянын элчиси Стефан Катта менен жолукту

 
Кечээ, 13-мартта Кыргызстандагы Франциянын ыйгарым укуктуу элчиси Стефан Катта КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовду кабыл алды. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда эки элдин ортосунда маданият, искусство, билим берүү, тилдерди үйрөнүү боюнча достук-кызматташууну күчөтүү туурасында сөз болду. Ошондой эле кыргыз жана француз элдеринин адабий чыгармаларын томдук кылып эки тилге которуп жарыкка чыгаруу, тилдерди үйрөнүү боюнча кыргыз-француз, француз-кыргыз тилиндеги сөздүктөрдү, сүйлөшмөлөрдү, үйрөнүүгө ыңгайлуу болгон окуу китептерин биргелешип чыгаруу, тил үйрөтүүчү аудио-видеосабактардын электрондук варианттарын жайылтуу каралды.

Элчи Стефан Катта өз сөзүндө Франциянын Кыргызстандагы элчилиги, Борбордук Азияны изилдөө боюнча Француз институту жана М.С.Акчекеева, Н.А.Турганбаев менен бирге «Французча-кыргызча сөздүк» 2010-жылы жарыкка чыккандыгын белгиледи. Ошондой эле азыркы учурда Кыргызстанда 500 студент француз тилин окуп жана ЖОЖдордо Франциядан келген 100 мугалим сабак берип жаткандыгы маалым болду. Андан ары эки тарап ортосунда жогоруда аталган маселелерди, маданий-достук байланышты ишке ашыруу үчүн келишимдин негизинде иш алып баруу талкууланды.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: