super.kg logo
  Саясат  

Кара-Балтадагы кургак учукка каршы оорукана толугу менен керектүү жабдыктар менен камсыздалды

 
Кара-Балта шаарындагы кургак учукка каршы оорукана толугу менен керектүү жабдыктар жана дары-дармектер менен камсыздалды.

Оорукананын башкы дарыгери Замира Карасартова билдиргендей, учурда ооруканада бир гана дары-дармектерге туруктуу формасындагы кургак учук менен ооругандар дарыланышат, анда жыл сайын 500дөн 600гө чейин адам дарыланып чыгат.

«Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча, Глобалдык фонддун донорлору стационарды кайра куруу, кеңселерди оңдоп-түзөө, изоляторлорду түзүү, имараттар ичинде лампаларды орнотууга каражат бөлүп беришкен. Канализациялардын жана жылытуу системинде оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Уулуу газдан сактай турган приборлор менен камсыз кылышты, ал эми бейтаптарды 100% химиялык препараттар жана социалдык пакеттер, жеке гигиена каражаты, дарыкана жана кир жуучу үй менен камсыз кылышты»,- деп билдирди ал.

Кара-Балта шаарындагы кургак учукка каршы оорукана өткөн жылдын май айынан тарта адистештирилген, ал 100 орунга ылайыкталган. Бейтаптар мамлекет тарабынан дарыланышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: