super.kg logo
  Саясат  

Тимур Шамбетов Сот өкүлчүлүгүнүн борборунун жетекчиси кызматына дайындалды

 
Тимур Шамбетов КРнын Сот өкүлчүлүгүнүн борборунун жетекчиси кызматына дайындалды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
 
Маалымат үчүн:
Шамбетов Тимур Эсенбекович - 1977-жылы Талас облусунун Талас шаарында туулган. 1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган. Кесиби боюнча укук таануучу.

1999-2000-жылдары – “Де-факто” юридикалык ишканасында юридикалык тейлөө боюнча адис.

2000-2005-жылдары – КРнын Каржы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондунун юридикалык бөлүмүнүн кызматкери.

2005-2007-жылдары – КРнын Президентинин аппаратынын мамлекеттик долбоорлор жана программалар боюнча эксперти.

2009-2010-жылдары – КРнын Президентинин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси.

2010-жылдын апрель айынын августуна чейин – КРнын Убактылуу өкмөтүнүн сот органдары менен иштешүү боюнча укуктук камсыздоо жана кадр кызматынын жетекчиси.

2010-2011-жылдары – КРнын Президенттик администрациясынын аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору.

2011-2014-жылдары – КРнын Президенттик аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: