“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Кыргыз-Түрк лицейинин окуучулары менен жолугушту

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Наталья Никитенко менен Жоомарт Сапарбаев 13-мартта Бишкектеги Кыргыз-Түрк лицейинин окуучулары менен жолугушту. Анда депутаттар Жогорку Кеңештин фракциялары менен комитеттеринин иши, андагы көпчүлүк жана азчылык коалициялары тууралуу маалымат беришти. Өздөрүнүн турмуш жолу, мектептеги жана студент курагы, депутаттык ишмердүүлүгү жөнүндө да сөз кылышты эл өкүлдөрү. Жолугушууда жалпы республикалык тестирлөө, бюджеттик жана контракттык жогорку билим алуу, окуу жайын бүтүргөн соң өз адистиги боюнча жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жаатындагы суроо-жооп орун алды.
Окуучулар Жогорку Кеңештин пленардык жыйынынын жүрүшүнө да катышышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

