Баткен облусунун Ак-Сай айылында коомдук-саясий абал туруктуу
Баткен облусунун Ак-Сай айылында коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Абдипатта Бердиев бүгүн, 14-мартта билдирди.
“Кечээ, 13-мартта Ак-Сай айылынын ички жолдорун оңдоо үчүн келе жаткан грейдерди тажик тарап айылга киргизбей койгон. Мындан улам ак-сайлыктар Ворухка өтүүчү унаа жолун бууп салышкан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылып, грейдер Ак-Сай айылына өткөрүлгөн. Учурда айылда абал тынч”, - деди айыл башчысы Абдипатта Бердиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

