super.kg logo
  Спорт  

Ош. "Милиция биз менен" аттуу шахмат боюнча мелдеш өттү

 

Кечээ, 13-мартта Кара-Суу РИИБинин жетекчилиги тарабынан Кызыл-Кыштак айыл округунда мектеп окуучуларынын арасында "Милиция биз менен" аттуу шахмат боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Ош ОИИББинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев бүгүн, 14-мартта билдирди.

М.Сабиров атындагы №65-орто мектебинде өткөн мелдешке жалпысынан 6 мектептин окуучулары катышты. Жыйынтыгында 1-орунду алган Ырысбай орто мектебинин 10-классынын окуучусу Алтыбай Осмонов жана 2-орунду алган Т.Өмүрзаков орто мектебинин 8-классынын окуучусу Саидумархон Абдуллаев «Кыргыз милициясы биз менен» деген жазуусу бар спорттук кийим жана шахмат менен сыйланышты. Иш-чаранын  максаты окуучулар арасында достукту, улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: