super.kg logo
  Спорт  

“Сочи-2014” Паралимпиада оюндарында Орусия курама командасы 50 медаль утту (фоторепортаж)

 
Биатлон боюнча Орусия курама командасы байгелүү 3 орунду тең илип кетти.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы Паралимпиада оюндары расмий түрдө 11-ирет уюшулуп жатат.
Тоо-лыжа спорту
Тоо-лыжа спорту боюнча айымдар арасындагы жарыштар
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар "Сочи-2014" Кышкы Олимпиадасы өткөн спорттук аянттарда өз күчтөрүн сынашууда.
Паралимпиадада эң көп медаль ойнотулган спорт түрү - тоо-лыжа спорту. Австрия курама командасын командалык эсепте кармап турган спорт түрү да ушул.
Тоо-лыжа спортунун слалом түрү боюнча жарыштар жогорку деңгээлде өтүп жатат.
Хоккей боюнча беттештер мыкты деңгээлде өтүүдө. Олимпиададан айырмаланып, Паралимпиадада орусиялык хоккейчилер финалга чыгышты.
Айыгышкан хоккей оюну. 3-орун үчүн Канада жана Норвегия курама командалары беттешет.
Тоо-лыжа спорту

7-мартта Сочи шаарында старт алган Кышкы Паралимпиада оюндары кызуу уланууда. Бүгүн, 14-мартка карата Орусия 50 медаль утуп, башка атаандаштарынан ат чабым алдыда жүрөт. Бул тууралуу оюндардын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-мартта жыйынтыктала турган Паралимпиада оюндарына 45 мамлекеттен 575 спортчу катышууда. Анда 5 спорт түрү боюнча 72 комплект медаль ойнотулуп жатат.

Кошумчалай кетсек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өтүүчү Паралимпиада оюндарынын бул жолкусуна Кыргызстандан катышкандар болгон жок.

Медалдардын саны боюнча Орусия командалык эсепте ат чабым алдыда жүрөт:  

1. Орусия – 50 медаль (18 алтын, 18 күмүш, 14 коло).

2. Германия – 7 медаль (6 алтын, 1 күмүш).

3. Украина – 14 медаль (3 алтын, 4 күмүш, 7 коло).

4. Япония – 6 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 2 коло).

5. Австрия – 6 медаль (2 алтын, 3 күмүш, 1 коло). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
14.03.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодцы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: