super.kg logo

Мыйзамсыз курган 10 метр дубал үчүн Арча-Бешик конушунун тургуну 10 миң сом айып пул төлөйт

 

Бишкекте мыйзамсыз курган 10 метр дубал үчүн Арча-Бешик конушунун тургунуна 10 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, мэриянын Жеке турак жай куруу боюнча департаменти мыйзамсыз курулган дубалдын ээсине административдик эскертүү жасаган. Бирок ал эскертүүгө көңүл бурбай койгондуктан, департамент административдик укук бузуу боюнча протоколду түзүп, Ленин райондук сотуна тапшырган.

“Соттун чечими менен дубалдын ээсине 10 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары ал пескоблоктон турган 10 метрлик дубалды бузууга милдеттүү”,- деп Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.03.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Парктагы мыйзамсыз курулган хан сарайларды да карап койсонор жакшы болот эле Бишекектин мэриясындагылар ... бей-бечараларды эле кордой бербей.. же мыйзам карапайым калк учун эле иштеп, май чайнарларга иштебейби???Аларга да штраф салсанар жок эле дегенде 1 млн болот эн аз салынган штраф.. казынага канча акча тушот эле .... мыйзамсыз салынган хансарайларын сурдурушот эле.
Saiypalar түзөттү 14.03.2014 10:57
14.03.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул жакшы болуптур мындай айып пулдарды толош керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: