super.kg logo
  Саясат  

Кардиология борборуна медициналык жабдыктарды сатып алуу үчүн кошумча 200 миллион сом бөлүнөт

 
Кардиология борборуна медициналык жабдыктарды сатып алуу үчүн кошумча 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка КРнын Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Белгилүү болгондой, бөлүнгөн каражаттарга интервенциондук кардиология (тери аркылуу жүрөк кан тамырларындагы ооруларга диагноз коюу) үчүн ангиографикалык жабдуу, жүрөктүн ритми бузулган учурду дарылоодо жүрөктү электрофизиологиялык изилдөөчү аппарат, көп тармактуу компьютерге туташкан санариптик рентген аппараты жана башка медициналык жабдуулар алынат. 
Ошондой эле ички органдарды изилдөө үчүн ультрадабыш аппараты, дефибрилляторлор, электрокардиографтар, жасалма кан айлантуу аппараты жана башка жабдыктарды сатып алууга жумшалат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: