super.kg logo

Бишкекте авиабилеттерди сатып, алдамчылык менен алектенип жүргөн 31 жаштагы айым кармалды

 

Борбор калаада авиабилеттерди сатып, алдамчылык менен алектенип жүргөн 31 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын тургундары милицияга арыз менен кайрылышкан. Анда “Альтура” ЖЧКсынын алдамчылык иш-аракеттери айтылган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган компания ар кыл багыттагы авиабилеттерди сатканы белгилүү болот. Бирок кардарлар сатып алган билеттер жараксыз болуп чыккан.

Белгилүү болгондой, бир кардар “Альтура” ЖЧКсынан Бишкек – Москва – Варшава – Москва – Бишкек багытында авиабилет алган. Бирок ал Варшавага жеткенде кайра учуп келе албай калган.

Бул факты боюнча кылмышка шектелип, аталган ишкананын генералдык директору, 31 жаштагы Аида кармалган.

Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан “Альтура” ЖЧКсы көптөн бери ишмердүүлүгүн жүргүзбөй калган. Компанияга да тиешелүү документтер жок болуп чыккан.

Учурда “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгерде кимде-ким аталган компаниядан жабыркаса, төмөндөгү номурларга байланышка чыкса болот: 0 778 68-70-70, 0 554 10-24-17, 0 777 19-86-20.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
14.03.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам тамак аш болбойт,ушинтип тез эле тешип чыгат.
rahat.87 түзөттү 14.03.2014 13:57
14.03.2014. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ех ушундай арам жол менен акча таап кандай иштетишет болду екен.
14.03.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арамдан тапкан акча,арамга тартат
14.03.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара кекиртек.эмнелерди гана кылууга мажбурлабайт. Эхх.
14.03.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыңыр иш баарыбир билинип калат.
14.03.2014. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул эжени оңой таанып койсо болот экен, мурдун да кара квадрат менен жабып койсоңуз болмок
14.03.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаппай тетирисинче ачып коюш керек эл билсин таанысын !
14.03.2014. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет дейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: