super.kg logo
  Саясат  

Ош. Амир-Темир шаарчасында бала бакча тайпалары ачылууда

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы №55-бала бакча менен таанышты. Бул бала бакча мектептин бир бөлүгүндө жайгашкандыктан, мектептин үч бөлмөсүн бала бакчага берүү чечимин Ош шаардык билим берүү башкармалыгы көтөрүп чыккан. Маселе менен жеринен таанышкан шаар мэри бала бакчаны 3 тайпага көбөйтүү маселесин чечти. Аталган аймакта 4000 бала кезекте турат, ал эми бала бакча 200 орунга гана ылайыкташкандыктан, тайпаны көбөйтүү керектигин шаарчанын тургундары айтып, жетекчиликке бир канча ирет кайрылышкан. 

Бул имарат 1984-жылы мектепке чейинки балдарды тарбиялоо үчүн ачылып, бирок 1995-1996-жылдары мектеп катары иштеп калган. Учурда 1-класстан 11-класска чейинки 745 окуучу билим алат. Аталган аймактык кеңеште 40 миң калк бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: