Жаза аткаруу кызматы: "Нариман Түлеев уурдалбай, сабалбай эле №47-колонияда жатат"
"Экс-мэр Нариман Түлеевди белгисиз бирөөлөр уурдап кетишти". Бул тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына Кыялбек Тойчиев бүгүн, 14-мартта жазды.
Анын айтымында, Нариман Түлеев катуу сабалган.
Буга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан “Нариман Түлеев уурдалбай, сабалбай эле №47-колонияда жатат” деп билдиришти.
Айта кетсек, кечээ, 13-мартта Нариман Түлеев УКМКнын тергөө абагына которулган. Бирок ал жакта орун жоктугуна байланыштуу кайра №47-колонияга алынып келинген.
Эске сала кетсек, экс-мэр “мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалып, 2013-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















