super.kg logo
  Саясат  

“Ата-Бейитте” 7-Апрель окуясында каза болгондорго куран окутулду

 

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Эсенгул Исаков менен Кожобек Рыспаев “Ата- Бейит” мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы 7-Апрель окуясында каза болгон баатырларга куран окутуу иш-чарасына катышты. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, Апрель окуясынын катышуучулары, каза болгон баатырлардын ата-энелери да катышты.

Куран окулгандан кийин курман болгондордун тайманбастыгы, эрдиги эскерилди. Мындан ары мындай каргашалуу окуялардын кайталанбашы керектигин айтышкан депутаттар иш-чара катышуучуларын, жалпы мекендештерди өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбей, ар кандай чагымчылдардын аракеттерине каршы туруп, өлкө келечеги үчүн кызмат кылууга чакырышты .

Апрель окуясынын айрым катышуучуларына Коргоо министрлигинин Намыс медалы жана Ардак грамоталары тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: