super.kg logo

Кара-Кече окуясы: Айбек Мамбеталиевдин СИЗОдо отурган атасы коррупция фактысы боюнча башкы прокурор Аида Саляновага арыз жазды

 

2013-жылдын 1-декабрында “Кара-Кече” кенинде белгисиз себептен каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин туугандары бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына кайрылышып, “Нарын ОИИБинин башчысы Нарынбек Молдоисаев Айбектин атасына 200 миң сом пара берген” деп билдиришти. Мамбеталиевдин жеңеси Индира Жумагазиеванын айтымында, Айбектин атасы КРнын Башкы прокурору Аида Саляновага арыз жазды.

Ушул арызга таянсак, 2014-жылдын 28-январында Жумгал РИИБинин жанында Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө байланыштуу нааразычылык акциясы жүрүп жатканда, аны токтотуу үчүн милиция кызматкерлери Айбектин атасы Бейшенкул Мамбеталиевге 500 миң сом берүүгө макулдашкан. Андан соң 8-февралда Молдоисаевдин дарегине сөз айтылбаш үчүн ага 200 миң сом пара катары берилген.

“Нарын ОИИБинин башчысы Нарынбек Молдоисаев кызмат абалынан пайдаланып, пара берүү менен кылмышка баргандыктан, мамлекеттик кызматкерлерди кылмышка аралаштыргандыктан, кызматтан четтетүү менен камакка алуу аркылуу айыбы угузулушун сурайм”,- деп жазылат Бейшенкул Мамбеталиевдин арызында.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп 3 милиция кызматкери камакка алынган болчу. 2014-жылдын 20-февралында алардын ишин Жумгал райондук соту караган. Бирок сот аягына чыкпай, маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине бензин чачышып, өрттөөгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында айыпталуучулардын экөө катуу сабалып, биринин бүгүнкү күнгө чейин дайыны жок.   

Бул боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, Нарын шаардык соту 13 адамды 2 айлык мөөнөткө камакка алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
14.03.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Логикага сыйбаган арыз. Акыры камагандыгы үчүн начальниктен ушинтип өч алууну чечишиптирби... Жалган экени далилденсе, адам өрттөгөндүгүнө, мамлекеттик буюмду талкалагандыгына жана жалган жалаа үчүн срок алат экен да.
Aitunuk түзөттү 14.03.2014 21:52
15.03.2014. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аида салянова озу таза эмес законго баш ийбейт кара пайым эл ийеби анан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: