super.kg logo
  Саясат  

Кандуу митинг. Украинанын Донецк шаарындагы митинг учурунда 2 адам каза тапты (фоторепортаж)

 

13-мартта Украинанын Донецк шаарындагы Ленин атындагы аянтта согушка каршы уюштурулган тынчтык митинги кандуу уруш менен аяктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Украинанын биримдиги үчүн саат 18:00гө митинг уюштурулган. Бул саатта Лениндин эстелигинин жанына Орусияга кошулууну каалаган эл да чогулуп, митинг өткөрүшкөн. Көп өтпөй эки тараптын ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып, жумурткалар, петардалар, ичинде медицинада колдонуучу жашыл суюктугу бар бөтөлкөлөр, түтүн чыгаруучу каражаттар ыргытылган. 

Бул кармашууда 2 адамдын каза болгондугу жана 30дай адамдын жабыркагандыгы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: