super.kg logo
  Саясат  

Кара-Кече окуясы: Айбек Мамбеталиевдин СИЗОдо отурган агасы “токмок жедим” деп Жогорку Кеңешке даттанды

 

2013-жылдын 1-декабрында “Кара-Кече” кенинде белгисиз себептен каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин Нарын СИЗОсунда отурган бир тууган агасы Мааданбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковго даттанды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына анын жеңеси Индира Жумагулова билдирди.

Маалыматка таянсак, Мааданбек Мамбеталиев “Жумгалдагы сот учурунда айыпталуучуларды өрттөөгө аракет кылган” деп шектелип, 2014-жылдын 21-февралында камакка алынган.

“21-25-февралда милиция кызматкерлери мени уруп, сабап, атама (Бейшенкул Мамбеталиев – ред.) каршы көрсөтмө алышты. Азыркы учурда жакшы баса албайм, денем көк ала”,- деп айтылат кайрылууда.

Мындан тышкары ал ЖКнын депутатынан ур-токмокко алган милиция кызматкерлерине чара көрүүнү суранды.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп 3 милиция кызматкери камакка алынган болчу. 2014-жылдын 20-февралында алардын ишин Жумгал райондук соту караган. Бирок сот аягына чыкпай, маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине бензин чачышып, өрттөөгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында айыпталуучулардын экөө катуу сабалып, биринин бүгүнкү күнгө чейин дайыны жок.   

Бул боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, Нарын шаардык соту 13 адамды 2 айлык мөөнөткө камакка алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: