super.kg logo
  Саясат  

Чүйдөгү “Талды-Булак сол жээк” кенинде 78 тонна алтын бар

 

Бүгүн, 14-мартта Кемин районундагы Орловка айылында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы көчмө жыйын өткөрүүдө. Ага өкмөттүн тиешелүү министрликтери менен мекемелеринин жетекчилери, комбинатты куруп жаткан “Алтын кен” ишканасынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Депутаттар Орловка айылынан анча алыс эмес жерде жайгашкан “Талды-Булак сол жээк” алтын кенин иштетүүчү комбинаттын, калдык сактоочу жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышууда.

“Маалыматтарга ылайык, комбинаттын курулушу ушул жылдын 30-июнунда бүтөт. Эки жылдын аралыгында алтын өндүрүү толук кандуу ишке кирет. Алдын ала изилдөөлөргө ылайык, кенде 78 тонна алтын, 5 тонна күмүш бар”,- деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: