super.kg logo
  Саясат  

“Төрөт үйлөрүнөн ымыркай уурдоого күнөөлүү адамдарга кечирим болбошу керек” дейт депутат Жумалиева

 

Кыргызстанда төрөт үйлөрүндө ымыркайларга жана энелерге болгон ар кандай терс мамилелерге кечирим болбошу керек. Муну бүгүн, 14-мартта “Парламент” радиосундагы түз байланышта ЖКнын депутаты Элмира Жумалиева билдирди. Айтымында, төрөт үйлөрүндөгү коррупциялык иштерге бөгөт коюу үчүн кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Төрөт үйлөрүндөгү бала сатуу, ымыркайды алмаштыруу фактыларына күнөөлүүлөр сөзсүз жоопко тартылышы керек экенин айтат депутат.

Жумалиева аялдардын социалдык шарттарын жакшырта турган мыйзам долбоорлорун демилгелөөгө активдүү катышып жатканын айтат. Жакында алимент төлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтө турган мыйзам долбоорун даярдап, 1-окууда кабыл алынганын маалымдады.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: