super.kg logo
  Саясат  

Орусия Донецк шаарында жабыр тарткан жарандарын коргоого даяр

 

Орусия Донецк шаарында жабыр тарткан жарандарын коргоого даяр. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 14-мартта Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарык көргөнүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын коргоого чара көрүү тууралуу чечим чыгаруусуна 13-мартта Украинанын Донецк шаарында согушка каршы уюштурулган тынчтык митинги кандуу кагылыш менен аяктаганы себеп болгон. Бул көрүнүштү орусиялык тарап Украинанын өлкөдөгү абалды көзөмөлгө ала албай жатканы жана тынчтыкка чакыргандарга кол салуу деп баалады. Бул кагылышуунун жыйынтыгында 2 адам каза болуп, 30дай адам түрдүү жаракатка кабылганы айтылууда.

Маалыматта Орусиянын кандай чара көрөрү так айтылбайт. Федерациянын 1-марттагы кеңешинде эгер Украинада орус тилдүү калк жабыр тарта турган болсо, чара көрүлөрү тууралуу чечим чыккан. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: