super.kg logo
  Саясат  

Бишкек мэриясы Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдыктарды көрүүдө

 

Бишкек мэриясы Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу 14-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, майрамдык салтанаттын басымдуу бөлүгү борбордук "Ала-Тоо" аянтында өтөт. Бүгүн аянтты улуттук стилде кооздоо иши башталды. Нооруз күнү боз үйлөр тигилип, селкинчектер орнотулат. 

21-мартта саат 12:00дөн 14:00гө чейинки иш-чаранын үстүндө режиссёр Эгемберди Чалабаев, Элвира Ибраимова жана сценарист Кыялбек Урманбетов иштеп жатат. 

Концерттик программа «Семетей», «Акак», «Шаттык», «Жаш кыял», «Таберик», «Улыбка», «Ассоль», «Береке» чыгармачыл топторунун жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда өтөт. Эски аянтта борбордун Спорт комитети спорттук иш-чараларды уюштурат. 

19:00дөн 21:00гө чейин өтүүчү концерт майрамдык фейерверк менен аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: