super.kg logo
  Саясат  

Чүйдөгү "Алтын-Кен" компаниясы Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийбей жатат

 

Парламенттеги КСДП фракциясы бүгүн, 14-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка айылында көчмө жыйын өткөрдү. Ага айрым министрлер, мекеме жетекчилери, “Талды-Булак сол жээк” алтын кенин иштетүүчү комбинатты куруп жаткан “Алтын-Кен” компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Чүй облусунун башчысы Канатбек Исаев комбинаттын курулушун тартипке салууга аракет жасап жаткандыгын айтып, инвесторлор Кыргызстандын мыйзамдарын толук сактабай иштеп жатканына токтолду. Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев
“Алтын-Кен” ишканасы өткөн жылкы ишмердүүлүгү боюнча отчёт бербегендиктен, 1 айга лицензиясын токтоткондугун маалымдады. Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийбеген инвесторлордун кереги жок экенин айтты фракция лидери Чыныбай Турсунбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: