АКШ: “Орусия Украина боюнча позициясын өзгөртпөсө, көп жоготууга учурайт”
Орусия Украина боюнча позициясын өзгөртпөсө жана Крымдагы референдумду колдоону токтотпосо, АКШ кошумча чараларды көрөт. Мындай маалымат бүгүн, 14-мартта ММКларда жарыяланды.
“Орусия жоготууга учурады, мындан да көп жоготууга учурайт. Эгер Крымды өз аймагына кошуп алуу аракетин жана башка жолдор менен Украинанын бүтүндүгүнө кол салуусун токтотпосо, мындан да көп чыгымга туш болот”,- деп билдирет АКШнын Президенттик администрациясынын өкүлү Жей Карни.
Эскерте кетсек, 16-мартта Крымдын статусу боюнча референдум өткөнү жатат. Анда өлкө эли Орусиянын аймагына кошулуу сунушуна добуш беришет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

