Кыргызстанда 978 эркекке 1000 аял туура келет
Кыргызстанда 978 эркекке 1000 аял туура келет. Бул тууралуу 14-мартта КРнын Улуттук статистика комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, республикабыздын калкынын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. "2014-жылдын башында эркектердин саны 2 миллион 856 600дү, аялдардыкы 2 миллион 920 миңди түздү. Ошондо 978 эркекке 1000 аял туура келет" деп жазылат отчётто. 35 жашка чейин калктын жыныстык салмактуулугу сакталып турат. Ал эми 80 жаштан жогору аялдардын саны эки эсеге көп болуп чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

