super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Бишкекте фашизмге жана неонацизмге каршы өткөн митингге 200гө чукул адам катышты (фоторепортаж)

 
Аталган митингдин башталышы менен жаап жаткан жамгыр токтоп калды.
Митингдин катышуучуларына түркүн түстүү шарлар таратылды.
Бишкектеги казактар уюмунун өкүлү
Бишкектеги казактар уюмунун өкүлдөрү
Иш-чарага жаш балдар да катышты.
Митингдин алып баруучулары
Митингдин жүрүшүнөн...
Митингдин катышуучулары гимнди ырдашууда.
Митингдин катышуучулары гимнди ырдашууда.
Митингдин жүрүшүнөн...
Митингдин жүрүшүнөн...
Иш-чаранын жүрүшүндө музыкалык оюндар аткарылды
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Епифанцев эл астына чыгып сөз сүйлөдү.
Митингдин жүрүшүнөн...
Митингдин жүрүшүнөн...
Коомдук ишмер Токтогул Какчекеев: "Кыргызстан Орусия менен бекем достошушу керек".
Мектеп окуучулары иш-чаранын катышуучуларына гүл беришти.
Митинг соңуна келгенде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскеришти.
Митинг Түбөлүктүү отко гүл коюу менен аяктады.
Митинг Түбөлүктүү отко гүл коюу менен аяктады.
Митинг Өчпөс отко гүл коюу менен аяктады.
Митинг Өчпөс отко гүл коюу менен аяктады.
Бүгүн, 15-мартта Бишкектеги "Жеңиш" аянтында "Орусия, биз сени мененбиз!" ураанынын астында митинг болуп өттү. Ага 200гө чукул адам катышты. Алардын арасында депутат, коомдук ишмерлер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, казактар, кыргыз искусствосунун өкүлдөрү, студенттер жана окуучулар жүрүштү.
Иш-чара кыргыз жана орус тилдеринде өтүп, эч кимдин көңүлүн калтырган жок. Митингдин жүрүшүндө алып баруучулар жана эл астына чыгып сүйлөгөндөр "Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыгын алмаштырбоо зарыл! Орусия менен Кыргызстан мындан ары бекем достошушу керек!" деп баса белгилеп жатышты.
Иш-чара соңуна келгенде Улуу Ата Мекендик согушта жана 1999-2000-жылдары Баткен окуяларында курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды. Митинг Өчпөс отко гүл коюу менен аяктады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: