Украина парламенти Крымдын Жогорку Кеңешин таркатты
15-мартта Украина парламенти Крымдын Жогорку Кеңешин таркатты. Бул чечимди парламенттеги 296 депутаттын 278и колдосо, бирөө калыс болгон. Ал эми 17 депутат добуш берүүгө катышкан эмес.
Автор: Дамира Арстанова
Чечимди Жогорку Рада президенттин милдетин аткаруучу жана парламент спикери
Александр Турчиновдун жетекчилигинде өткөн атайын жыйында кабыл алды.
Белгилей кетсек, Киевдеги депутаттар Крымдын парламентин Украинанын курамынан чыгып,
Орусияга кошулуу маселеси боюнча референдум өткөрүү чечимин кабыл алганы
үчүн айыпташууда. Украина өкмөтү алдыдагы референдумду “мыйзамсыз” деп
жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

