super.kg logo
  Саясат  

Абдыкадыр Жолчиев: "Быйыл 2000 гектарга пахта эгүүнүн алдында турабыз"

 

Быйыл 2000 гектарга пахта эгүүнүн алдында турабыз. Бул тууралуу Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айыл округунун башчысы Абдыкадыр Жолчиев кечээ, 16-мартта билдирди.

Анын айтымында, айыл аймагында 4200 гектарга жакын сугат жер бар.

2-3 жыл мурун пахтанын баасы төмөндөп кеткен. Мындан улам көпчүлүк пахта аянттарына буудай айдалып калган. Быйыл пахта аянтын кеңейтүүнү максат кылуудабыз. Ал эми күзүндө 800 гектарга кылкандуу дан эгиндери эгилди. Анын 400 гектары сугат жер. Жарымы кайрак. Ошондой эле бизге 2200 тонна  минералдык жер семирткич керек. Бүгүнкү күндө анын 800 тоннасын арзандатылган баада алдык”,- дейт Абдыкадыр Жолчиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: