super.kg logo
  Саясат  

Таш-Мойнок айылында өткөн Жип-кросс унаа мелдешине 2 миңге чукул көрүүчү күбө болду (фоторепортаж)

 
КРнын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев: "Жип-кросс унаа мелдешинин максаты - жаштарды заманбап аскердик техника аркылуу аскердик кызматка кызыктыруу жана аларда патриоттук сезимди ойготуу"
Жип-кросс унаа мелдешине 2 миңге чукул көрүүчү күбө болду.
Мелдештин катышуучулары
КРнын Мамлекеттик Гимни аткарылууда
Жип-кросс унаа мелдешинде КРнын Мамлекеттик Гимни аткарылууда
Жип-кросс унаа мелдешинен көрүнүш
КРнын Коргоо министрлигинин астындагы "Скорпион" аттуу атайын даярдыктагы аскердик бөлүмү террористтерди куралсыздандыруу жана кармоо боюнча окууларды көрсөтүп жатышат.
КРнын Коргоо министрлигинин астындагы "Скорпион" аттуу атайын даярдыктагы аскердик бөлүмү террористтерди куралсыздандыруу жана кармоо боюнча окууларды көрсөтүп жатышат.
Кыргызстандык танк, КамАЗ жана БТРлердин кубаттуулугу сыналып жатат.
Унаа мелдешинин жеңүүчүлөрүнө ушундай кубоктор ыйгарылды.
Жип-кросс унаа мелдешинен көрүнүш
Жип-кросс унаа мелдешинен көрүнүш
Жип-кросс унаа мелдешинен көрүнүш
Жип-кросс унаа мелдешинен көрүнүш
Жип-кросс унаа мелдешинен көрүнүш.
КРнын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев баласы менен унаа мелдешин сүрөткө тартууда.
КРнын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин сүрөт тартууга кызыкканы жана унаа жарыштын сүйүүчүсү экени журналисттерге белгилүү болду.
Министр Таалайбек Өмүралиев сүрөткө жакшы кадрды күтүп жатат.
КРнын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев сүрөткө тартууда.
Жип-кросс унаа мелдешинен көрүнүш
Жип-кросс унаа жарышында ушул сары жол тандабас өз категориясында жеңүүчү болуп чыкты.
Жип-кросс унаа жарышында ушул сары жол тандабас өз категориясында жеңүүчү болуп чыкты.
Жип-кросс унаа жарышынын жүрүшүнөн...
Жарыштын жүрүшүнөн...
Жип-кросс унаа жарышынын жүрүшүнөн...
Жарыштын жүрүшүнөн...
Жип-кросс унаа жарышынын жүрүшүндө...
Жип-кросс унаа жарышынын жүрүшүндө...
Жип-кросс унаа жарышынын жүрүшүндө...
Жип-кросс унаа жарышынын жүрүшүндө...
Жарышта жол тандабастар бири-биринен оозуп жатышат.
Жарыштын жүрүшүндө жол тандабастар ылайга тыгылган учурлар да болду.
Иш-чаранын коноктору даамдуу шишкебек жана ысык тамак-аш сатып алып курсактарын тойгузушту.
Иш-чаранын коноктору даамдуу шишкебек жана ысык тамак-аш сатып алып курсактарын тойгузушту.

Чүй облусуна караштуу Таш-Мойнок айылында 16-март күнү Жип-кросс унаа мелдеши болуп, ага 2 миңге чукул көрүүчү күбө болду. Иш-чара КРнын Коргоо министрлиги жана “Тейваз” тренинг борбору менен биргеликте уюштурулду. Министрликтин 73 809-аскер бөлүгүнүн базасындагы танкодромдо Коргоо министринин кубогун жеңип алуу үчүн Жип-кросс унаа мелдеши жогорку деңгээлде өттү.

Министр Таалайбек Өмүралиев иш-чаранын ачылышында мелдештин максатына токтолуп, жаштарды заманбап аскердик техника аркылуу аскердик кызматка кызыктыруу жана аларда патриоттук сезимди ойготуу экенин баса белгиледи.

Мелдеш "Скорпион" аттуу атайын даярдыктагы аскердик бөлүмүнүн террорчуларды куралсыздандыруу жана кармоо боюнча окууларды көрсөтүүсү менен башталды. Андан соң кыргызстандык танктар, КамАЗдар жана БТРлердин кубаттуулугу сыналды.

Жип унааларынын жарышына 50дөн ашуун экстремалдык айдоону сүйүүчү катышты. Унаа мелдеши туризм, спорт, абсолют жана квадрацикл категориясына бөлүндү.

Унаа жарыштын жыйынтыгында абсолют категориясында Талант Дүйшөкеев, спорт категориясында Борис Картыгин, туризм категориясында Евгений Плотников жана квадрацикл айдоочуларынын арасынан Бакыт Абыкеев жеңүүчү деп табылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: