Ош мамлекеттик университетинде ишембилик өттү
Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 15-мартта ишембилик уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиева билдирди.
Ишембиликке ректор Каныбек Исаков баш болгон ректорат жамааты, медицина факультетинин профессордук-окутуучулар курамы, студенттер, чарба департаментинин кызматкерлери катышты.
“Ишембиликтин алкагында ОшМУнун медицина факультетинин базасында курулуп жаткан клиниканын алдына тротуар схемасы чийилип, айлана-тегереги тазаланды. Атайын алынып келинген 145 даана арча көчөтү отургузулду. Университеттин бардык окуу имараттарында ишембиликтер жүрүп жатат”,- деди окуу жайдын административдик-чарба иштери боюнча проректору Алтынбек Зайнидинов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















