Кыргызстанда Жеңиш күнүнө карата Олимпиада отунун эстафетасы сыяктуу Георгий лентасы бүт өлкөнү кыдырып чыгат
9-Май - Жеңиш күнүнө карата Кыргызстанда Георгий лентасынын эстафетасы пландалууда. Бул тууралуу 15-мартта "Орусия, биз сени мененбиз!" деген митингдин жүрүшүндө активист Алишер Ташматов журналисттерге билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, пландалган иш-чара Олимпиада отунун эстафетасы сыяктуу өткөрүлөт. Георгий лентасы Кыргызстандын аймагындагы ар бир айылды кыдырып келет.
"Аталган эстафетаны КМШ өлкөлөрүндө да бирге өткөрүүнү ойлоп жатабыз",- деди Алишер Ташматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















